Кара-Сууда каттоодон өтө элек диний идаралардын маселеси талкууланды

Кечээ, 18-февралда Кара-Суу  районунун администрациясынын жыйындар залында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сунушунун негизинде каттоодон өтө элек диний идараларды каттоодон өткөрүү, дин тармагында мыйзам актылары жана мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты талкууланды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын  түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мээрим Жороева жана районго караштуу айыл өкмөттүн жооптуу имамдары катышты.

Жыйында Самидин кары Атабаев имамдардын каттоо иштерине олуттуу көңүл буруу зарылчылыгына токтолуп, тийиштүү тапшырмаларды берди.  

«Урпактарыбызга мыйзамдуу диний объектилерди калтырып кетишибиз керек.  Көйгөй жарала турган учурлар болсо, казыят же болбосо хатибиятка кайрылыңыздар. Буга чейин ДИМК менен биргеликте көптөгөн мечиттерди каттоодон өткөрдүк.  Бул жылы Кудай буюрса Кара-Суу районунда бир да каттоодон өтө элек мечит калбайт деген үмүттөмүн, — деди облус казысы.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков каттоодон өтө элек диний уямдарды менен идараларды мыйзамдаштыруу зарыл экенин баса белгилеп, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары боюнча маалыматтарды берди.