Араванда мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун Араван районуна караштуу жума окулуучу мечитер тазаланып, дезинфекциялоо жумуштары жүрүүдө. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күнгө карата район аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу болгону менен тазалык жана мечиттерде жайнамаздарды зыянсыздандырып туруу баарынан маанилүү.

«Жума намазына элдин көп келишет. Арасында ар кандай адамдар болот. Өзүбүздүн коопсуздугубузду алдын албасак башка ким алмак эле? Пайгамбарыбыз (с.а.в) «тазалык ыймандын жарымы» деген таамай айткан сөзү бар. Ушундай сыяктуу иш-чараларга кайдыгер болбостон тынбай уюштуруп туруу керек», -деди Алибек ажы Жусупов.