Араванда Ооган согушунун 32 жылдыгы эскерилип, каза тапкандарга Куран окулду

Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Ооган согушуна 32 жыл эскерүү маарекесине катышып, согуштан кайтпай калган баатырлардын жана согуштан кайтып көзү өтүп кеткен ардагерлерге багыштап Куран окуду.

Ошондой эле алардын үй-бүлөсүнө кайрат жана сабырдуулук тилеп, кайгысын тең бөлүштү.

Иш-чарага Араван районунун акими Курманбек Айтибаев, администрация кызматкерлери, ИИМдин өкүлдөрү,  ардагерлер жамааты жана жергиликтүү тургундары катышты.

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” дегендей өз жанын мекендин бейпил турмушуна арнаган баатырларыбызды ар дайым эскере жүрүшүбүз керек. Аларга чексиз таазим. Эл журтубузда дайым тынчтык болуп, мамлекетибизде өсүп-өнүгүү болсун», -деди Алибек ажы Жусупов.