Ош облусунун мусулмандар казысы Араван районунун элине ысырапкерчиликти алдын алууда түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 18-февралда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош облусунун Араван районуна жасаган иш сапарынын алкагында администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жолугушту.

Жыйында ислам дининин асыл баалуулуктары, тазалык, эгин жана мөмө-жемиштерди эгүүнүн сооптору, ысырапкорчулукту алдын алуу жана шарият илимдери боюнча катышуучуларга өз баяндамасын жасады.

Иш-чарага Араван районунун акиминин орун басары Тойчубек Сатыбалдиев, Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, ИИМдин өкүлдөрү, райондун администрациясынын эмгек жамааты, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Тазалык ыймандан. Динибизди карап көрсөк намаз окусак  кийген кийимибиз, окуган жерибиз, денебиз, дилибиз, ой пикирибиз, акылыбыздан бери баары тазаланат. Адамдын көңүлүн ирээнжите турган терс сапаттардан арылтат. Дагы баса белгилей кетүүчү нерсе, мусулман адамы башкаларга адеби, жүрүм-туруму менен үлгү болушу керек. Мына ошондо эл арасында кездешкен терс көрүнүштөрдөн оолак болобуз», — деди облус казысы.

Ал эми жергиликтүү тургундар, бийлик өкүлдөрү коомчулукта орун алган той-топулардагы, тажыялардагы ыксыз чыгымдарды кыскартууда өз сунуштарын, ойлорун ортого таштап биргеликте кызматташып, кеңешип бир чечимге келээрин билдиришти.