Ош шаарынан Республикалык Куран жарышка катышуучу аныкталды

Бүгүн, 18-февралда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Ош шаарындагы диний окуу жайларда жана мечиттерде имамдардан сабак алып келген 25-жашка чейинки жарандар арасында 30 парадан Куран жарышы өткөрүлдү.

Республикалык Куран жарышка катышуу үчүн кыз-келиндерге өзүнчө эркектер үчүн өзүнчө  жарыш өткөрүлүп, Камалова Рафика жана Кадыркулов Мухаммадамин жеңүүчү болуп аныкталышты.  

Камалова Рафика — «Козу кызы Бурмакан» аялдардын диний окуу борборунун студенти. 

Кадыркулов Мухаммадамин —  «Абдумуталиб кары» Куран окуу борборунун студенти.  

Республикалык тур 20- февраль күнү Бишкек шаарындагы Республикалык имам Сарахси атындагы Борбордук мечитинде өткөрүлмөкчү.