Жалал-Абад облустук казыятында “Аль-Мубин” кайрымдуулук фонду ачылды

Бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук казыятында “Аль-Мубин” кайрымдуулук фондунун ачылыш аземи болду.  Ачылыш аземине облустук казыяттын кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү, Сузак районунун акими Түркбаев Төрөгелди, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана имамдар, аксакалдар, жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземи Куран аяттарын окуу менен башталып, мамлекетибиздин тынчтыгына, өсүп-өнүгүүсүнө дуба кылынды.

Фонддун мүдүрү Ордобек ажы Оморбековдун айтымында, негизги максаты кайрымдуулук иштерин колго алып, жардамга муктаж жарандарга кол сунуу, соопчулук иштерин күчөтүү, жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буруу болуп саналат.

«Кайрымдуулук фонду өзүнүн алдына көп максаттарды койду. КМДБ жана казыяттар менен тыгыз иштешип, Ислам дининин өнүгүшүнө салым кошуу. Муну менен катар бала-бакчалар, мектептер, жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташмакчыбыз. Аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, диний жана социалдык объектилерди курмакчыбыз. Ошондой эле ден соолугунан жабыркаган жана аз камсыз болгон жарандарга жакындан жардам беребиз. Атасыз калган балдарга таалим-тарбия берүү жана жөлөк пул жагынан жардам берүү, карыяларды камкордукка алуу жаатында иш алып бармакчыбыз”,-деди фонддун мүдүрү.

Кайрымдуулук фонду Дин иштере боюнча мамилекеттик комиссиясынан лицензия алып, Юстиция министрлигинен атайын каттоодон өткөрүлүп, расмий ишке киришти. Жергиликтүү бийлик, шаар тургундары дагы фондго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Иш-чаранын соңунда фонддун атынан Жалал-Абад шаарындагы аз камсыз болгон  үй-бүлөлөргө азык-түлүк салынган баштыкчалар таратылып берилди.