Мунар ажы Акматов: «Илим алып жаткан адам адептүү болуусу керек»


Ош шаарынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятына караштуу «Эрдем» мечитинин имамы Мунар ажы Акматов Ж. Бөкөнбаев мектебинин окуучуларына «Адеп-ахлак» аттуу темада өз баяндамасын жасады.

«Ислам — бул жакшы кулк-мүнөз. Мына ошондуктан, динибиз бизге адептүү болууну үйрөтөт. Чындыгында адептүүлүк боюнча Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үлгү эле. Пайгамбарыбыздын өмүр баянын окуп, келечек жаштарыбыз адептүү болуусу коомдун оңолуусу болуп саналат. Илим алып жаткан адам адептүү болуусу керек. Анткени дарактын мөмөсү көбөйгөн сайын шактары жерге ийилип турат»,- деди Мунар ажы Акматов.

Айта кетсек, аталган лекция Ош шаардык жаштар комитети жана Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулду. Мындай баяндамалар билим берүү мекемелеринде ар дайым уюштурулуп турмакчы.