Нарын районунун баш имам хатиби айылдарды кыдырды

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын районунун айылдарын кыдырып, окуучуларга билим алуунун зарылдыгын айтып, адептүү болууга чакырды. Бул тууралуу Нарын райондук хатибиятынан билдиришти.

Райондук хатибияттан билдиришкендей, баш имам хатиб Нарын районунуна караштуу жалпы 34 айылды кыдырып, окуучуларга  сабактарды, лекцияларды өттү.

«Окууга, илим билимге чакыруу менен биргеликте ыйман, адеп сабактары дагы берилди. Андан тышкаары китеп жарыштары уюштурулуп, окуучуларды китеп окууга шыктандырылды. Иш-чара 1-февралдан 10-мартка чейин баардык мектеп окуучуларына уюштурулду. Лекция, сабактардан кийин келечекте окуучулар билимдүү болууга өз дилгирлигин көрсөтүштү»,- деп билдиришти хатибияттан.