Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов окуучуларды адептүүлүкө чакырды

Баткен облусунун Баткен  районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов Баткен шаарындагы  Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучулары менен жолугушуп, аларды адептүүлүкө чакырган баяндамасын жасада.

“Улууларга урмат, кичүүлөргө ызат кылуу, алсыздарга ырайым этүү Ислам дининин талабы. Алла Таала ата-энеге «уф-ф!» деп да айтууга уруксат бербейт. Чыныгы мусулман боорукер, ырайымдуу болушу керек. Башкаларга үлгү болуусу зарыл”,- деди Муса ажы Жолдошов.

Мектеп мугалимдери мындай иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турса окуучулардын жүрүм турумуна, тарбиясына жакшы таасир берээрин билдирип, дин кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.