КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Ата-эне бала үчүн өзүнүн билимин, тажрыйбасын аябашы керек

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев «Aiymdar.kg» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган иш-чарага катышып, аялзатынын коомдогу жана баланы тарбиялоодогу орду боюнча баяндама жасады.

Иш-чара Москва шаарында өтүп, ага  «Aiymdar.kg» коомдук бирикмесинин төрагасы Шахризада Аданова, дизайнер, психолог Венера Бөкөтаева, жеке ишкер Айгерим Рахимова жана Акбермет Турдиева катышты.

300 айымдын катышуусунда өткөн жыйында КМДБнын Орусиядагы өкүлү Ислам дини жана аялзаты, Ханафий мазхабы жана үй-бүлө баалуулугу боюнча баяндамасын жасап, мындай иш-чаралардын өтүүсү менен инсан ар тараптан маалымат алаарын билдирди.

«Баланын тарбиялуу болуусу үй-бүлө очогунан берилген тарбияга байланыштуу болот эмеспи. Аныктан ата-эне бала үчүн өзүнүн билимин, тажрыйбасын аябашы керек. Үй-бүлө балдар үчүн туура диний маалымат берип, ар кадай терс диний агымдардан оолак кылууда сап башында болуусу милдеттүү. Андыктан ар бирибиз келечек муундун ыймандуу, билимдүү, адептүү болуусу үчүн салым кошушубуз парзыбыз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

«Aiymdar.kg» коомдук бирикмесинин төрагасы Шахризада Аданованын маалыматында айымдар үчүн уюштурулган бул иш-чара 5 жылдан бери өтүп, анда ишкер айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшөөрү айтылат.

«Жолугушуу ар бир айда Москвадагы кыз-келиндер арасында уюштурулуп, пайдалуу иш- чараларды өткөрүп келебиз. Бизде спикерлер тажрыйбалары менен бөлүшөт жана бул жааттагы чыныгы адистер чакырылат»,-дейт  Шахризада Аданова.