КМДБнын Орусиядагы өкүлү «Ынтымак» жыйынынын алкагында Москва шаарында мекендештер менен жолугушуп, жаштар жана келечек, үй-бүлө темасында баяндама жасады

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев  «Ынтымак» жыйынынын алкагында Москва шаарында мекендештер менен жолугушуп, жаштар жана келечек, ыйман, үй-бүлө темасында баяндама жасап, алардын суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага коомдук фонддордун төрагалары жана мүчөлөрү, аксакалдар жана спортчулар катышып, мындан аркы кызматташуу жаатында пикир алышты.

«Ислам “тынчтык” дегенди билдирет.  Тынчтык, биринчи кезекте үй-бүлөдө болууга тийиш. Үй-бүлөдө талаш-тартыш чыкпоосу үчүн, динибизде ар кимдин укугу жана милдети белгиленген.  Ар бирибиз жан дүйнөбүздү ыйманга азыктандырып, ошол эле учурда башка бирөөнө ызаа бербеш керек. “Пайгамбарыбыз хадисинде “мусулман деген бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат” деген. Андыктан ар бирибиз пайгамбарыбыздан үлгү алып жашайлы»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Иш-чаранын соңунда КМДБнын Орусиядагы өкүлү агартуу жана кайрымдуулук иштерине колдоо көрсөтүп келген мекендештерди ыраазычылык баракчасы  менен сыйлап,  жалпы элибиз үчүн батасын берди.