Лейлектеги имамдарга сабактар уюштурула баштады

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев хатибияттын жыйындар залында  аймактагы имамдары менен жолугушту. 

Жолугушууда имамдар баш имам хатибдин аткарып жаткан  иштеринен маалыматтарды угушуп, элден түшкөн ар түрдүү суроолорго жооп алышты.

Жыйындын акырында акыйда, фикх сабактарынан имамдар үчүн  сабак башталып, мындан аркы аткарылуучу иштер талкууга алынды.

«Имамдар үчүн ар жуманын шаршемби күнү сабактарды уюштурдук. Бул ар түрдү суроолорго жооп алууга жана бири-бирибиз менен биргелешип иш алып барууга жакшы шарт түзөт деген ишеничтемин»,-деди Абдиравшан ажы Дүйшөев.