Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ысык-Атанын имамдарына сертификиттарды тапшырды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук хатибиятынын демилгеси менен район аймагындагы имамдардын диний билимин жогорулатуу максатында Ивановка айылындагы мечитте 3 күнгө созулган окуу уюштурулду.

Окуу семинарынын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышып, мындай окутуу ушуну менен токтоп калбастан мындан ары дагы уланаарын билдирип, имамдардын айлык албастан эл үчүн жасаган иштери эбегейсиз экенин баса белгиледи.

Ушуну менен катар окуу семинарды уюштурууга салымын кошкон Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабековго ыраазычылык баракча, ал эми дин кызматкерлерине сертификаттарды тапшырды.

Учурда илим, технология, медицина тездик менен өнүгүп жатат. Дин кызматкерлери дагы ар тараптуу билимге ээ болуп, коомчулук менен тыгыз иштешкендиктен билим деңгээли бийик болушу керек. Ушундан улам дин кызматкерлерине ушундай окутууларды, тренингдерде байма-бай өткөрүп турушубуз керек”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.    

Окутуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Чүй облустук казыяты бекитип берген программасына ылайык өтүлүп, ага Муфтият, казыят жана медреседен атайын лекторлор келишип, сабак өтүшүп, имамдардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Окутуу төмөнкү темалардын негизинде жүргүзүлдү:
1)    Жума намазын алып баруу
2)    Зекет, үшүр, фитр-садака
3)    Нике жана талак
4)    Соода-сатык
5)    Мурас
6)    Акыйда илими
7)    Таухид
8)    Аллахдын сыпаттары
9)    Ыйман жана амал
10) Тавассул
11) Тагдыр маселеси
12) Тажвид илими
13) Адеп-ахлак
14) Эл менен болгон мамилелер
15) Кеп маданияты
16) Терроризм, экстремизм жана радикализмди алдын алуу
17) Мекенди сүйүү.

Окутуу аягында имамдардан сынак алынып, аларга окутуудан өткөндүгүн тастыктай турган атайын сертификаттар тапшырылды.