Жалал-Абадда дааватчылардын билимин жогорулатууга багытталган бир айлык окуу курсу аяктады

Кечээ, 17-мартта Жалал-Абад шаарындагы “Айти” медресесинде дааватчыларды кезектеги билимин жогорулатуу максатында атайын окуу уюштурулуп, сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы болду.

Иш-чарада Жалал-Абад облустук казыятынын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев катышуучуларга бир айлык курсту ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган облустук казыяттын атайын сертификаттарын тапшырып, алган билимдерине амал кылууга чакырды.

“Бул окуунун башкы максаты дааватчылардын билимин жогорулатуу болуп эсептелет. Бир айга созулган курсубуздун жүрүшүндө 8 негизги сабак уюштурулду. Жалпысынан 11 дааватчы катышты”,-деди Жороев.