Баткен облусунун казысы ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков Баткен облустук мусулмандар казыятына иш сапары менен келип, Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар диний кырдаал, аткарылып жаткан иштер боюнча маектешип, анын натыйжалары боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун алкагында Баткен облусунун казысы казыяттын аткарып жаткан иш аракеттери тууралуу маалымат берип, мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча биргеликте тыгыз иш алып баруу керектигин билдирди.

Ал эми Исакбай Мурзабеков мыйзамдарды так сактоо, коомчулукту руханий жактан тарбиялоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле аталган жолугушууга  ИИМдин өкүлү жана ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү жана казыят кызматкерлери, Баткен шаарынын баш имам хатиби катышып,  биргеликте кызматташуу боюнча пикирлешти.