Самидин кары Атабаев студенттерге улут аралык ынтымак, экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча баяндамасын жасады

Кечээ, 17-март күнү Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Эл аралык Өзгөн техникалык жана билим берүү  институтунда «Улут аралык ынтымак, диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу» деген темада баяндамасын жасады.

Иш-чарага казыяттын эсепчиси Майрамбек Кулуев, институттун эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев улут аралык ынтымак, үй-бүлө баалуулуктары, акылды колдонуу эрежелери, экстремизм жана терроризмди алдын алуу боюнча кеп козгоп, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн ар тараптуу салым кошуу зарыл экенин баса белгиледи.

«Жараткан Алла Таала бизди таанып билүүбүз үчүн улут-улут кылып жараткан. Андыктан бири-бирин басмырлоо шариятка туура келбейт. Ошондой эле маалыматты алууда анын чын төгүнүн тастыктообуз кажет. Анткени туура эмес маалыматтар аябай тез ылдамдык менен тарап башкаларга зыяны тийип жатат», -деди облус казысы Самидин кары.