Ош облустук казыяты «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсунда баш байгеге ээ болгон Баястан Марат уулун куттукташты

Бүгүн, 18-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятында  «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсунда баш байгени жеңип, Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирге ээ болгон Баястан Марат уулун Ош облустук мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жана казыяттын эмгек жамааты куттуктады.

Марат уулу Баястан учурда казыяттын фатва бөлүмүндө эмгектенип келет.

«Баястан ыйда, фикх, хадис усулу, фикх усулу ж.б ислам илимдеринде дасыккан адис. 30 пара Ыйык Куранды дагы жатка билген хафиз. Айрыкча акыйда илиминде кол менен санап көрсөтө ала турган жаш аалымдардын бири. Учурда көптөгөн диний окуу жайларыбызда акыйда сабагы боюнча баяндамаларды жасап келүүдөбүз. Алла Таалам илимине илим кошуп, алган үйү куттуу болсун», — деди Облус казысы.

Эскерте кетсек, 13-мартта «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан биргеликте өткөрүлдү. Жалпы 15 миңдей окурман катышты. Жеңүүчүлөргө Умра сапары, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми баш байгеге чүчүкулактын негизинде бир бөлмөлүү батир берилген эле.