КМДБнын Орусиядагы өкүлү Москва шаарындагы такси айдоочуларына шарияттагы жолдо жүрүү эрежелери, аманатка бекем болуу, инсандык жоопкерчилик боюнча баяндама жасады

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы такси айдоочулары  менен жолугушуп, аларга шарияттагы жолдо жүрүү эрежелери, аманатка бекем болуу, инсандык жоопкерчилик жана Ислам дининин баалуулуктары түшүндүрүлдү.

КМДБнын Орусиядагы өкүлүнүн айтымында такси айдоочулары жүргүнчүлөргө жоопкерчиликтүү болгондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурдун талабы экендигин билдирди.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар жылы айдоочуларга «Адам жаны аманат» аттуу иш-чарасын өткөрүп, бул жакшы натыйжа берип келет. Андыктан мындай түшүндүрүү иштерин Москва шаарында өткөрүү учурдун талабы болуп турат. Айдоочу жүргүнчү үчүн жоопкерчиликтүү экендигин унутпашы керек. Ошондой эле аманатка бекем болушу милдеттүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

КМДБнын Орусиядагы өкүлү чет жерде иштеген такси айдоочулары ал мамлекеттин мыйзамын сыйлап, жол эрежелерин так сакташы керектигин билдирди. Муну менен катар ушул сыяктуу айдоочулар менен жолугушуу жана түшүндүрүү иштери Орусиянын аймактарында эмгектенген кыргызстандык айдоочуларга өткөрүүнү пландап жаткандыгын кошумчалады.