КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев мекендештерибиз менен жолугуу максатында Ростов-на-Дону шаарына иш сапары менен жөнөп кетти

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев мекендештерибиз менен жолугуу максатында Орусиянын Федерациясынын  Ростов облусунун административдик борбору болгон Ростов-на-Дону шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Иш сапардын алкагында КМДБнын Орусиядагы өкүлү үй-бүлө баалуулугу, терс диний агымдардын алдын алуу, ыйман жана соода-сатык, адал кесип, темаларында баяндама жасамакчы.

«Жолугушуу Ростов-на-Дону шаарындагы мекендештерибиз тарабынан уюштурулуп жатат. Албетте, жолугушуу жемиштүү болуп, жарандарыбыздын руханий жактан өсүүсүнө салым кошот деп ишенем»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.