Нарында мектеп окуучулары менен медресе студенттеринин катышуусунда волейбол оюну боюнча турнир өттү

Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын А.Жутакеев атындагы мектебинде волейбол оюну боюнча мелдеш өтүп, ага мектеп окуучулары жана Нарын медресесинин студенттери катышты. Беш команда арасында өткөн беттеш көрүүчүлөрдүн назарын буруп, күйөрмандар өз командаларын сүрөп турушту. Иш-чара кылмыштуулуктун алдын алуу жана достук мамилени чыңдоо максатында  уюштурулуп, анда дин кызматкерлери менен тиешелүү мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жаштарды ар кандай туура эмес жолдордон оолак болууга чакырышты.

«Максатыбыз келечек муундарды туура жолго багыттоо жана өз ара достукту, ынтымакты бекемдөө. Муну менен катар жаштарыбыз китептин досу болсо, көп илимий маалыматтарга ээ болот. Андыктан коомубуз ыймандуу, адептүү жана камкор болсун десек, анда балдарыбызга тарбиянын мыктысын тартуулашыбыз керек»,-деди Нарын районун баш имам-хатиби К.Орозалиев.

Мектеп окуучулары менен Нарын медресесинин студенттери катышкан спорттук мелдеште биринчи  орунду Нарын медресеси камсыз кылса, экинчи орунду аталган мектептин окуучулары жеңип алышты. Беттеш соңунда катышуучуларга  белектер тапшырылып, келечекте ыймандуу,адептүү,билимдүү болууга чакырыктар жасалды.

«Келечекте диний  окуу жайлардын студенттери менен мектеп окуучуларынын катышуусундагы спорттук оюндарды өткөрүү планыбызда бар. Дени сак коом, дени сак жашоо үчүн ар бирибиз умтулушубуз керек»,-деди Нарын районун баш имам-хатиби.