Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев акыйда сабагы боюнча баяндамасын жасады

Ош облусуна караштуу Абдурахман ибн Ауф медресесинде Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жана казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат уулу илим талап кылуучуларына акыйда сабагы боюнча баяндама жасашты.

Иш-чарага Ош облустук казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров, медресе мүдүрү Рахматулло Басиров, медресе окутуучары жана окуучулары катышты.

Иш-чарада Самидин кары Атабаев салттуу Матуриди акыйдасы жана Ханафий мазхабынын коомубуздагы орду чоң экенин баса белгилеп, өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.

«Айрым сырттан окуп келген жарандарыбыз Ыйык Куран китептеги фразеологизм же болбосо кыйыр түрүндө айтылган аяттарды туура эмес чечмелөөдө. Алар муну менен түз мааниси менен гана чектелип жатат. Бул өтө чоң жаңылыштык», -деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат уулу студенттерди устаздарды урматтоого, татыктуу илим алууга жана айлана-чөйрөгө туура мамиле жасоого чакырды.