Мирланбек ажы Токтомушов: Чыныгы мусулман адам колу жана тили менен башкаларга зыян бербейт


Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов №703 аскердик бөлүктө жоокерлерге үй-бүлө баалуулуктары өз баяндамасын жасап, ар бир адамдын башына оор сыноо келгенде сабырдуулук менен жеңүүгө болоорун баса белгиледи.

«Дүйнө мал-мүлк жагынан өзүңдөн ылдыйды карап, Аллага шүгүр келтир. Ибадат кылуу жагынан жогоркуну карап, ага жетүүгө аракет кылган адам бактылуулукка жетет. Аялың жана балдарың сен үчүн аманат. Аларга жакшы мамиледе болуу абзел. Башыңа кайгы капачылык келсе, ачууңду алардан чыгарба. Жада калса, тааныбаган мусулман бир тууганыңа да кыйкырып бакырба. Анткени чыныгы мусулман адам колу жана тили менен башкаларга зыян бербейт» -деди Мирланбек ажы Токтомушов.