Чүй казыятынын кезектеги көчмө жыйыны «Нур-Ислам» мечитинде өткөрүлдү


Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Дружба айылындагы «Нур-Ислам» мечитинде аймактагы диний кырдаал менен жеринде таанышуу максатта Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен уюштурулуп жаткан көчмө жыйын болуп өттү.

Аталган жыйынга Чүй казыятынын жалпы жааматы, облустагы бардык баш имам хатибтер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты.

Жыйын алкагында Чүй казысы райондук баш имам хатибтерден өткөн ай ичи аткарылган иштер жана райондогу диний кырдаал боюнча отчетторун укту. Ошону менен катар жакын арада өтө турган КМДБнын кезектеги курултайына делегаттарды тандоо, КМДБнын уставына толуктоолорду киргизүү боюнча кенен талкуу болду.

Ошондой эле облус ичиндеги диний кырдаал талкууланып, төмөнкү маселелер каралды:

1)    Мечиттердин айланасын тазалап, ишембилик өткөрүү;
2)    Мечиттердин каттоосун тездетүү;
3)    Айылдык имамдардын диний билимин жогорулатуу максатта окутууларды уюштуруу;
4)    Мечит жана диний окуу жайларда санитардык талаптарды көзөмөлгө алуу ж.б.у.с.

«Жыйын ар дайым кенен талкуу менен өтөт. Бул жолкусунда да жакында боло турган курултай боюнча талкуу болуп, КМДБнын уставына ар кандай сунуштар айтылды. Алла Тааланын жардамы менен облус аймагында диний кырдаал туруктуу. Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов бардык диний кызматкерлерди ынтымак-биримдикке чакырып, облус боюнча динй кырдаалды бекем көзөмөлгө алууга чакырып, бир катар тапшырмаларды берди», — деди Чүй казысынын катчысы Бактияр Азим.