Чүй казыятынын карамагындагы мечитердин айланасы тазаланып, жашылдандыруу иш-чаралары кызуу жүрүүдө


Адаттагыдай эле күн жылып, жаз айлары кирип келгендигине байланыштуу жер-жерлерде ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрө тазаланууда.

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын карамагындагы мечит жана диний окуу жайларда да ишембиликтер уюштурулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо менен биргеликте, жашылдандыруу иштери да кызуу жүрүүдө. Бул боюнча облустагы хатибияттардан маалыматтар келип, атайын фото-отчет берилип жатат.

«Тазалык бул – ыймандын бир маанилүү бөлүгү. Ислам дини өзү тазалыктын үстүнө курулган. Жаз айлары кирип келгендигине байланыштуу Чүй казыятынын буйругунун негизинде облустагы бардык диний мекемелерде ишембиликтер уюштурулуп, жашылдандыруу иштер жүрүп жатат. Жараткан Аллах Таала мечиттерди тазалагандардын ички дүйнөсүн ыплас сыпаттардан тазалаган болсун», — деди Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов.

Эске сала кетсек, Чүй облусу боюнча 400гө жакын мечит жана 30дан ашуун диний окуу жайлар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.