Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын имамы мектеп окуучуларына тарбиялык сабак өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибеков айылдагы «Дыйкан» орто мектебинин окуучуларына адептүүлүк боюнча өз баяндамасын жасады.

Дин кызматкери өз сөзүндө окуучуларды ата-энени сыйлоого, мугалимдерди урматтоого чакырып, билим алуунун, адеп-ахлак, суицид, кылмыштуулуктун алдын алуу, ыймандуу келечек боюнча айтып берди.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, соңунда мугалимдер жамааты  жана окуучулар айыл имамына ыраазычылыктарын билдиришип, ай сайын келип тарбиялык сааттарды өтүп берип турууну суранышты.