Исфанада өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында медресе студенттерине лекция өткөрүлдү

Баткен облусунун Исфана шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» атындагы Ислам институту ИИМдин Исфана шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери Уланбек Атанов жана Пиримкул Мамытов өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын болтурбоо максатында түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Жыйын алкагында “Адепсиздик” деген эмне? Кылмыштуулук анын жазасы боюнча баяндамаларын жасады.

Ошондой эле зордук- зомбулукту алдын алуу, суицид, экстремизмди алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.