Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Төө-Моюн айыл аймагынын мечит жамааты менен жолугушуп, көчөт отургузуунун сообуна токтолду

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагындагы «Найман» мечитинде жергиликтүү жамаат менен жолугуп, көчөт, эгин эгүүнүн ислам дининдеги орду жана сооптору, салттуу Матуриди акыйдасы жана Ханафий мазхабын кармануу  зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Иш-чарага Ош облусунун фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат  уулу, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Фурхатбек Адилбек уулу, Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, айыл өкмөткө караштуу имамдар жана жергиликтүү жамаат катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев жазгы талаа иштери кызуу башталгандыктан көчөттөрдү, жашылчаларды, мөмө-жемиштерди жана дан өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн соопторуна токтолду.

«Пайгамбарыбыздын (с.а.в) бир хадисинде мындай деп келет: «Эгер бир мусулман бир мөмө дарак  эксе, же болбосо эгин эксе, андан бир куш, инсан жана жан-жаныбарлар жеген болсо ага садака болот»- деп келет. Мына ошондуктан жаз айларында айлана-чөйрөбүздү жашылдандыралы»,  -деди облус казысы Самидин кары Атабаев.