КМДБнын Орусиядагы өкүлү Ростов-на-Дону шаарындагы мекендештерге үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады

 Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Ростов-на-Дону шаарына жасаган иш сапары алкагында мекендештерибиз менен жолугушуп, үй-бүлөнү сактоо, адал ырыскы, берекелүү жашоо, ынтымакты бекемдөө, эне тили жана балдардын тарбиясы, экстремизмге каршы күрөшүү, Ханафий мазхабын терең үйрөнүү, мусулмандардын жашоосунда Курандын орду, ыйык Рамазан темалары боюнча кеңири маалымат берди. Муну менен катар КМДБнын Орусиядагы өкүлү мекендештерибиздин суроолоруна жооп берип, кандай гана шарияттык негиздеги суроолор жаралбасын дин аалымдарына, Муфтиятка кайрылууга чакырды.

«Ростов-на-Дону шаарындагы мекендештерибиздин чакыруусу менен атайын иш сапар уюштурулуп, абдан жемиштүү болду. Себеби элибиздин туура маалымат алуусуна дин кызматкерлери жооптуу. Андыктан ушул сапарды уюштуруп, кызмат кылышкан Курбаналиев Нурбекке жана Абдилдабек уулу Шерикбекке ыраазычылык билдирем»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар айымдар үчүн дагы атайын жыйын өтүп, анда аялзатынын коомдогу орду, бала тарбиясы, үй-бүлө баалуулугу, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана талак маселеси боюнча баяндамалар жасалды.

«Айымдар дайыма билимдүү, намыстуу жана уяттуу болушу керек. Бала тарбиясы ата-энеден көз каранды болот. «Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт»-деп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Андыктан эне бала үчүн бардыгына даяр. Коомдун билимдүү болуусуна эне көп ролду жаратат»,-дейт КМДБнын Орусиядагы өкүлү.