Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Төө-Моюн айыл аймагынын имамдары менен жолугушту

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Араван районуна караштуу Төө-Мооюн айыл аймагынын имамдары менен жолугушуп, анда салттуу Матуриди акыйдасы жана Ханафий мазхабы, жаңы курулуп жаткан мечиттерди мыйзамдаштыруу, элибиздин руханий байлыгын жогорулатуу маселеси каралды.

Иш-чарага Ош облусунун фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат  уулу, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Фурхатбек Адилбек уулу жана Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов жана жергиликтүү имамдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, акыйда маселелерине олуттуу көңүл бурууга чакырды.

«Биздин Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын окубай туруп туура эмес деп сын таккандар көбөйдү. Алардын көпчүлүгү диний билимди, эч кандай усулдары (эрежелер) жок эле сырттан окуп келгендер. Билим алуунун өзүнчө усулдары бар. Усул болбосо инсан адашат. Мына ошондуктан журтузбузду башка агымдардын азгыруусуна бөгөт коелу», — деди облус казысы Самидин кары Атабаев.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн адиси Фурхатбек Адилбек уулу мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, жаңыдан курулуп келе жаткан мечиттерди мыйзамдаштыруу жана укуктук мыйзамдар боюнча кеп кеңештерди берди.