Ош облусунун мусулмандар казыятында 100 түп дуб көчөтү отургузулду

Кечээ, 23-мартта Ош облусунун мусулмандар казыяты Ош шаарына караштуу Актилек кичи районунда жолдун жанына 100 дана дуб дарагын отургузушту.

Жашылдандыруу иш-чарасына Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, «Ыйман бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова жана Ош шаардык жашылдандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

«Бак-дарак, жашылча, дан өсүмдүктөрү жана мөмө-жемиштерди эгүүнүн сооптору эбегейсиз. Бир көчөт тигип, аны инсандар пайдаланса, ага сооп жазылат. Мөмөсүнөн жандуу заттар пайдалансын, эккен адамга сооп жазылат. Жайдын күндөрү унааларыбызды коюу үчүн дарактардын көлөкөсүнөн пайдаланабыз. Мына ушул акыретке барып туруучу сооптордон», — деди облус казысы.

Эгилген көчөттөрдү карап өстүрүү жана мындан ары чоңойтуп жашылдандыруу иши Ош шаардык жашылдандыруу бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.