Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги тууралуу баяндамасын жасады

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №50 П. Ж. Нышанов мектебинин мугалимдер жамаатына мугалимдик кесиптин жоопкерчиликтерин жана ага кошумча үй-бүлөө баалуулуктары боюнча өз баяндамасын жасады. 

«Жаштар биздин келечегибиз. Жаштарга туура таалим-тарбия берүү менен сооптуу ишти аткарып жатасыздар. Мына ошондуктан мугалимди мөмөлүү даракка окшоштурушкан. Сиздерден тарбия алып, эл башкарган жетекчилер жана мамлекеттин өнүгүп өсүүсүнө салым кошуп жаткан мыкты адистер чыгып келүүдө»,-деди Убайдулла ажы Сарыбаев.  

Мындай иш-чаралар мындан ары ар бир билим берүү мекемелеринде өткөрүлүп турмакчы.