![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/03/т-5.jpg)
Кечээ, 25-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Хажир-Абад айылында ишембилик уюштурулду.
Бул демилге “Абу Хурайра” жума мечитинин жамааты тарабынан көтөрүлүп, алгач мечиттин айлана – чөйрөсүн тазалап, кийин айылдын көчөлөрүн тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, буга чейин облустук казыят тарабынан ар бир мечиттерде ишембиликти байма-бай өткөрүп туруу тапшырмасы берилген эле.