Талас шаарында жаңы заманбап мечиттин ачылышы болду

Кечээ, 25-мартта Талас шаарында жаңы заманбап эки кабаттуу мечиттин ачылыш аземи болду. Иш-чарага Талас облусунун казысы Таалай ажы Бапиев, анын орун басары Касым ажы Сыдыков, «Ассалам» кайрымдуулук фондунун директору Адилет Кудайбергенов, Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров жана шаардын тургундары катышышты.

Мечит «Ассалам» кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, 250 адамга ылайыкталган. Мечиттин жанында 40 адамга ылайыкташкан Куран окуу борбору ачылды.

“Ушул мечитке демөөрчүлүк көрсөткөндөргө жана өз салымдарын кошкондорго Аллах Таала ыраазы болсун. Мурда мечиттер аз болчу Кудайга шүгүр азыр көбөйүп калды, намаз окууга баардык шарттар түзүлүп жатат.  “Намаз бейиштин ачкычы” дегендей балдарыбыз намазды үйрөнүп жакшы тарбияларды алып, Ислам динибизге пайда келтирет деген үмүттөмүн”, – деди облус казысы Таалай ажы Бапиев.