Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында жыйын өтүп, анда мечиттердин каттоо иштери каралды

Кечээ, 26-мартта Свердлов районунун башкы имам хатибинин орун басары Эркинбек уулу Талгатбек ажы Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында өткөн жыйынга катышып, анда терс диний агымдардын алдын алуу, адам сатууга каршы күрөшүү, мечиттерди каттоодон өткөрүү жана санитардык эрежелерди сактоо маселелери талкууланды. Жыйынга аймактык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы катышты.

«Свердлов району боюнча 22 мечит болсо, алардын ичинен 10 мечитибиз каттоодон өтө элек. Ушул жаатта жардам берсеңиздер. Себеби, мечитти пайдаланууга берүүдө анын документ иштерине келгенде эле маселе токтоп калууда. Муну менен катар мечиттердеги санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы боюнча биргеликте иштер жүрүүдө»,-деди Эркинбек уулу Талгатбек ажы.

Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мечиттердин каттоо иштерине жардам берише тургандыгын айтышып, эл арасында оорунун алдын алуу боюнча жана тазалыкты сатоодо түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин билдиришти.