Ош шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү

Ош шаарында «Аль Мумин Хадиджа» коомдук кайрымдуулук фонду менен бирге «Аль-Фатиха» коомдук бирикмеси «Бейишке карай жол» аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаардык мусулмандар казыятынын Чарба курулуш жана мечиттер адиси Номан уулу Муктарбек ажы, Имам Матуриди диний окуу борборунун мугалими Толкунбек кары Камбаров, Ош шаарындагы 70 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, алардын ата-энелери катышты. 

Иш-чаранын алкагында Номан уулу Муктарбек ажы фонддун иштерине жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине терең ыраазчылыгын билдирди. 

«Бул дүйнө сыноо майданы экени баарыбызга белгилүү. Мусулман адам жокко сабыр, барга шүгүр келтирип жашоо менен ийгиликке жетет. Ошондуктан келген кыйынчылыктарга сабыр кылып жашоо керек. Сиздердин сабырдуулугуңуздардын сыйлыгы чоң. Анткени Алла Таала сабырдууларды сүйөт жана сабырдуулар менен бирге»,- деди Номан уулу Муктарбек ажы.