Баткенде медреселер аралык спорттук таймаш өттү

Баткен шаарындагы «Баткен» медресеси мүдүрү Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси жана Баткен шаарындагы «Монун Ата» кафесинин демөөрчүлү менен Баткен облусунун  аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол жана  волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Ага облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов,  Баткен облусундагы футбол федерациясынын башчысы Айбек Ражапов, казыят кызматкерлери, шаар-райондун баш имам хатибдери, медресе мугалимдери жана студенттер курамынан жалпы 12 команда катышты.

Спорт оюну Момунали Калматовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүп, жыйынтыгында футбол оюну боюнча 1-орунду Баткен районундагы “Нур” Куран жаттоо медресеси,ал  эми  волейбол оюну боюнча  камсыз кылды 1-орунду  Лейлек районундагы «Таир» медресеси Оюнда жеңген командага  уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер жана кубок тапшырылды.

Облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов: «Спорт ден соолукту эле эмес, ынтымакты, достукту бекемдейт. Ынтымагыбыздын бекемделишине салымын кошуп жаткан Калматов Ибрайимбек Момуновичге жана анын бир туугандарына ыраазычылык билдирем»,-деди ал.