Кара-Кулжа районунда “Аз. Билал” мечитинде тазалык иш-чарасы болуп өттү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу “Аз. Билал” мечитинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана тазалык иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарада “Аз. Билал” мечитинин имамы Абдулхаким Аскаров жамааты менен биргеликте мечиттин айланасын тазалап, айлананы көрктөндүрүштү.

«Ислам динибизде тазалык өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Кийим жана намаз окуучу жерлер, жүрөктүн таза болушу баса белгиленет. Куранда тазалыкка абдан маани берилген. «Толук тазарган жана Аллахтын атын эске алып намаз окуган адам, эңсегенине жетет» (Аала сүрөсү 14-15-аяттар) – деп келет. Аллах Таалам журутубузга бекем ден соодук берип, оорулардан алыс  кылсын», — деди мечит имамы.