Лейлекте «Жаштар экстремизмге каршы» аталыштагы семинар болду

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында 25-март күнү “Жаштар экстремизмге каршы” аталыштагы семинар болду. Семинарга жергиликтүү күч түзүмүнөн өкүлдөр, Лейлек, Сүлүктү аймагындагы мектеп мугалимдери, соцпедагоктор, дин кызматкерлери жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.

Бул иш-чара Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан уюштурулуп, жалпы катышуучуларга буклеттер, колдонмо куралдар таркатылды.

Алгачкы сөздү Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева сөз сүйлөп район аймагындагы коомдук саясий абалга токтолду.

Бул иш-чаранын максаты улуттар арасындагы кастыкты козутпоо, ынтымакты бекемдөө, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу, ар кандай чакырыктарга жол бербөө, ошондой эле жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга туура тарбия берүү.

Семинардын жүрүшүндө Лейлек районунун башкы имам хатиби Дүйшөев Абдиравшан ажы район аймагындагы диний кырдаал боюнча маалымат берип, учурда мыйзамдуулуктун негизинде ыйман сабактары өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Баткен ОИИБнын ЭММКАК кызматкерлери Кыргызстанда диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясы, экстремизмдин алдын алууда бир топ аракеттер болуп жаткандыгын кеңири баяндап, видео тасмалар менен түшүндүрүп беришти.

Семинардын соңунда семинардын катышуучулары ЭММКАК кызматкерлерине бир топ суроолорду беришип, кеңири жоопторду уга алышты.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынын маалыматынав ылайык ушундай эле семинарлар облустун башка аймактарында да өткөрүлмөкчү.