Кара-Суу районунда жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 200 жаранга 110 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында имамдын демилгеси менен жардамга муктаж балдар үйүнө, балдар интернат мектебине,  карыялар үйүнө жана көзү азиз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 110 000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Буга кошумча 6 жандык союлуп, эти таратылды.

Иш-чарага “Имам-Ата” мечитинин имамы Юсуфхан Ахматалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечит мутавалиси  биргелешип жалпы 200 адамга азык-түлүктү жеринде тапшырышты.

Жардам баштыгында эт, нан, кум шекер, чай, шириндик, мөмө-жемиш, жетим балдар үчүн ич кийимдери, байпак, бут кийим, памперс, каша ж.б керектүү каражаттар сатылып алынды.

«Берешендик береке алып келет. Былтыр карантин учурунда биздин имамдарыбыздын демилгеси алдында муктаж үй-бүлөлөргө 5000000 сомдон ашуун азык-түлүк жана ар кандай кайрымдуулук жардамдарын көрсөткөн элек. Жараткандын каалоосу менен кайрымдуулук иштерибиз уланууда. Улуу Аллах Ыйык Куранда “Түнү-күнү (ар дайым) мал дүйнөсүн жашыруун жана ашкере садака кылган адамдар үчүн Роббисинин алдында (көбөйтүлгөн сооптору бар. Аларга коркунуч да жок жана алар капа болушпайт”- деп айткан. Барыбыз жардамга муктаж жарандарыбызга колубузду суналы», — деди Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.