Ош шаарынын казысы КМДБнын Орусиядагы өкүлү менен жолугушуп, мигранттардан кабар алды

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев менен жолугуп, чет жерде иштеп, окуп жаткан мекендештердин ал-абалын сурады.

КМДБнын өкүлү Орусиядагы мекендештер үчүн сабактар, китеп окуу конкурстары уюштурулуп, үй-бүлөлүк институтту бекемдөө жаатында бардык аракеттер жумшалып жаткандыгын билдирди.

«Учурда көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөлөрдө иштеп, окуп жүрүшөт. Ушундан улам мекендештерибиздин руханий жактан өсүүсүнө, ар кандай терс диний агымдардын азгырыктарына кабылып калбоосу үчүн бардыгыбыз аракет кылуубуз зарыл. Соода кылгандарга, такси айдоочуларга жана билим алып жаткан жаштарга Ислам баалуулуктарын жана жоопкерчиликти айтуу керек», — деди шаар казысы.