Базар-Коргон районунун жаштары 20 жылдык кечени белгилөөдөн баш тартышып, айылдагы муктаж үй-бүлөгө турак жай куруп беришти

Кечээ, 31-мартта Базар-Коргон районунун  1-май айылынын 1983–жылкы жаштары 20 жылдык кечени белгилөөдөн баш тартышып, айылдагы муктаж үй-бүлөгө турак жай куруп беришти.

Иш-чарага Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков катышып, бул саамалыктын шарияттагы ордун айтып, үй, жол, мектеп, бала-бакча салуунун соопторун айтып өттү.

«Биз дайыма муктаждарга көңүл буруп, аларга жардам колун сунууну унутпашыбыз керек. Мусулман мусулмандын бир тууганы. Андыктан айыл жаштарынын соопчулук иши мактоого татып, башкаларга үлгү болуш керек. Ысырапкерчилик алдын алууну дин кызматкерлери дайыма айтып, коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө»,-деди баш имам хатиб.

Муну менен катар баш имам хатиб айылдагы 1984-жылкы жаштар учурда курбусу үчүн  турак жай куруп берүүгө бел байлашканын айтып, кайрымдуулук иши уланаарын билдирди.

Ал эми Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын өкүлү Алмазбек ажы Умарбеков, Базар-Коргон районунун баш имам хатибинин орун басары Акмалжон ажы Шерматов кайрымдуулук иштерин жасоодо жаштар активдүүлүктөрүн көрсөтүп келишээрин айтышты.