Ош облустук казыятында айымдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өттү

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде аялдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өтүп, аялдардын үй-бүлөдөгү орду, уяттуулук, шарияттагы үй-бүлө куруунун максаты жана эркектердин үй-бүлөлүк жашоодогу милдеттери боюнча темалар талкууланды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Жамийла Жапашова жана Ош облусу аймагына караштуу кыз-келиндер катышты.

Саамалык маркумдардын урматына Куран окуу менен башталып, андан соң облус казысы аялдардын үй-бүлө кургандан кийинки жашоодо орду чоң экенин баса белгилеп, ислам шарияты көрсөткөн таризде жашоого чакырды.

«Азыркы учурда чай куйбайм, төрөбөйм, кир жуубайм, өзүмдү өзүм билем деген жаштар көбөйдү. Алар биздин улуттук кийимдерибизди уят катары кабыл алган учур. Бул абдан уят көрүнүш.  Адамды айбандан айырмалап турган нерсе анын акылы жана кийими эмес беле.  Илгери Шайтан Адам атабыз менен Обо энебизди азгыргандай эле бизди да азгырууда. Чындыгында көзгө көрүнгөн жана көзгө көрүнбөгөн абстракттуу кийим бар. Тактап айтканда такыба кийим. Шайтан учурда такыба жана сырткы кийимдерди чечиндирүүдө. Алардын азгыруусуна бөгөт коюу зарыл»,- деди облус казысы.

Ал эми «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов аялзаты эркектерге аманат экенин баса белгилеп, үй-бүлөлүк система боюнча бир канча маалыматтарды берди.

 «Бактылуу айым ким? Ал дайыма үй-бүлөсү үчүн камкор, билимдүү айым. Аялзаты билимдүү болсо, коомубуз билимдүү болот. Себеби, балдардын ыйманы, адеби, тарбиясы ата-энеден көз каранды»,-деди облус казысынын орун басары.