КМДБнын Орусиядагы өкүлү иш сапары менен Жалал-Абадка барып, облус казысы менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы  Нематулла ажы Жээнбеков менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облус казысы казыяттын ишмердүүлүгү жана алдыда аткарылуучу пландар менен тааныштырды.

Муну менен катар Орусиядагы мекендештердин ыйманы, адеп-ахлагы жана үй-бүлө, соода-сатык маселелеринде жаралган суроолорго КМДБнын Орусиядагы өкүлү тарабынан жооптор берилип, түшүндүрүү иштери байма-бай жүрүп жаткандыгы айтылды.

«Орусиядагы жарандарыбызга үй-бүлө, соода, адал-арам жана терс диний агымдардын алдын алууда дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Андан соң, облус казысы менен КМДБнын Орусиядагы өкүлү Тажыбай Жалиловго жолугушуп, мурдагы Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, маркум дин аалымы Чубак ажы Жалиловго Куран окуп, дуба кылышты.