Ош шаарындагы «Файсал» жана «Абдулазиз» мечиттеринин жамааты шаардагы кабырлардын айланасын тазалашып, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүштү

 Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Файсал» жана «Абдулазиз» мечиттеринин имамдары мечиттердин айланасын тазалоо менен гана чектелбестен, демилге көтөрүшүп,  кабырлардын айланасын тазалоо жана дарак отургузуу иштерин жүргүзүштү. 

«Кабыр — бул жүрөктөрдү таза кармап, өлүмдү эстөө менен бул дүйнөнүн убактылуу экендиги боюнча үлгүлүү сабак алуучу жай. Анын айланасын тазалап, тез-тез келип туруу менен өзүбүзгө пайда алган болобуз», — деди ыктыярчылардын бири.

Ал эми шаардык казыят ишембилик өткөрүү иштери улана тургандыгын жана шаар тургундарын калааны таза кармоого чакырды.