Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук казыятынын алдындагы аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев иш сапары менен Ош облусунун мусулмандар казыятына келип, аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту. 

Айымдар менен болгон жолугушууда  «напсини тарбиялоо»,  «акылды туура пайдалануу»,  «балдардын тарбиясы»,  «илим алуу», «үй-бүлөнү сактоо», «адал-арам» жана   «жан дүйнө азыгы» темаларында баяндамасын жасады.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев жана аймактагы аялдардын окуу борборлорунун жамааты катышты.

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев айымдар үйдүн куту, тарбиянын очогу экендигин баса белгилеп, эң негизгиси коомдун тарбиялануусуна салым кошуу керектигин билдирди.

«Инсан өз напсисин тарбиялай албаса, ийгиликке жетпейт. Напси бизди башкарбастан, биз напсибизди башкаралы. Ошондуктан бардык кызыкчылыктарга жол бербестен, айымдарыбыз балдардын тарбиясына, билимине, үй-бүлөнүн бекемдигине маани берип, билим алууга умтулуу керек», — деди Жоробай ажы Шергазыев.

Муну менен катар аялзатынын билими, келечек муундардын тарбиясына көңүл буруу керектиги айтылды.

Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин казысы Самидин кары Атабаев аялдардын коомдогу ордун баса белгилеп, кийинүү адеби боюнча кеп кылды.

Ушундай эле жолугушуу Ош шаарынын Сулайман-Тоо мечитинде улантылып, айымдар үчүн баяндамалар жасалды.