Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди.

Жолугушууга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек жамааты жана облуска караштуу райондун башкы имам хатибдери катышты.

Казыят жана хатибият кызматкерлерине өткөрүлгөн жыйында  Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды күчөтүү жана учурдагы кырдаалга жараша сактык чараларын бекемдөө жаатында иш алып баруу  зарыл экендигин баса белгиледи.

«Жараткан Алла Таалам насип кылса алдыбызга ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды баштадык. Рамазан айындагы мээримдүүлүк жамгырынан пайдаланып калуу керек. Бул айда жашообузга зарыл болгон сабыр жана эрктүүлүктү колго алып, напсинин каалоо жана арзууларынан оолак болуу сыяктуу терс сапаттардан арылып, адеп-ахлагыбызды толуктайлы! Отуз күн аралыгында эл-журтубузга талыкпастан жакшы кызмат кылуубуз зарыл», — деди Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу.

Муну менен катар жолугушууда өз ара ынтымакты бекемдөө, мечиттердеги санитардык талаптарды сактоо, терс диний агымдардын алдын алуу, жаштар менен иштеп, аларга туура багыт берүү жаатында бир катар тапшырмалар берилди.