Баткен шаарындагы борбордук мечиттин ички бөлүгү жаңыланып, жарандар үчүн шарттар түзүлдү

Баткен шаарынын борбордук “Нумани” мечитине Бишкек шаарында эмгектенген Баткен шаарынын тургундарынын колдоосу менен баасы 5 миң доллар турган килем  салынды. Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун айтымында жаңы килемдин салынышы менен намазга келгендер үчүн бир топ эле ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.  Мындан тышкары борбордук мечитке  ишкерлер тарабынан намаз окуунун  убактыларын көрсөтүп туруучу электрондук саат орнотулуп,  медресе студенттерине жана кызматкерлерге кийимдер белекке берилди.