Ош облусундагы мечиттерде жана диний окуу жайларда өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн түзүлгөн шарттар текшерилүүдө

Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан КМДБнын “Өрт коопсуздугун алдын алуу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө” №337 буйругун ишке ашыруу максатында облус аймагындагы 7 райондун хатибияттарында, 20дан ашуун диний окуу жайларда жана 856 мечитте өрт коопсуздугун алдын алуу иш-аракеттери боюнча райондордун башкы имам-хатиптерине, диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жана мечит имамдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, маалымат тактайчаларына атайын түшүндүрмө баракчалары илинди. Мындай иш-аракеттердин жүрүшү менен кошо өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча тиешелүү органдар менен биргеликте текшерүү иштери башталгандыгын Казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров белгиледи.

Ушул жылдын август айы ичинде КМДБнын “Өрт коопсуздугун алдын алуу иш-аракеттерин уюштуруу жөнүндө” буйругун ишке ашыруу максатында Ош облусунун аймагындагы 856 мечитке жана 20дан ашуун диний окуу жайлардын жооптуу жетекчилерине ыктыярдуу кошундарды түзүү жана стандартка ылайык келген өрт коопсуздук текчелерин орнотуу тапшырмалары берилген болчу. Сентябрь айынын башынан тартып, райондук башкы имам-хатиптер менен биргеликте мечиттерде алдын-ала текшерүү иштери башталып, учурда Кара-Суу жана Өзгөн районундагы мечиттердин өрт коопсуздугун алдын алуудагы аткарган иштери каралып жатат. Натыйжада  Кара-Суу районунун аймагындагы 141 мечитте жана Өзгөн районундагы 50дөн ашуун мечитте өрттөн сактануу жана өчүрүүчү каражаттар жаңыдан сатылып алынып, тиешелүү көрсөтмөгө ылайык коопсуздук текчелери орнотулду,–деди А.Бакиров.

Ошондой эле мечиттерде жана диний окуу жайларда жергиликтүү тургундар менен биргеликте өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өтүлүп жаткандыгын жана сентябрь айы ичинде облус аймагындагы бардык диний объектилер текшерилип, райондук деңгээлде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгуулар пландалганын кошумчалады.