Аравандагы кыз-келиндер үчүн Рамазан айына карата китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусуна караштуу Араван районундагы маданият үйүндө ыйык Рамазан айынын урматына «Кош келдиң Рамазан» аттуу онлайн китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган саамалык Араван районунун хатибияты жана «Муслима Букс» китепканасы менен биргеликте уюштурулду.

Конкурс аялзатына арналып уюштурулуп, ага «Айша» жана «Салиха» окуу борборлорунун кыздары өз күчтөрүн сынап көрүшкөн. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылып, коомчулукту китеп окууга чакырышты.

«Рамазан айынын чыныгы такыба ээлери  11 ай бою күтүшөт. Анткени бул ай кечиримдүүлүк жана мээрим айы. Миң айдан да артык болгон кадыр түн кечеси да дал ушул айда. Бир эле парз намазды окусак эселеп сооп кайткан ай. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калуу зарыл», -деди Алибек ажы Жусупов.