Манас районундагы 48 муктаж үй-бүлөгө 72 000 сомдук азык-түлүк жардам катары берилди

Бишкек шаарынын жаштары  Талас облусунун Манас районундагы  48 үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү жардам катары тапшырып берди. Бул туурасында Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Баш имам хатибдин айтымында мындай жардамдарды Бишкек шаарынын жаштары бир топ жылдан бери жиберип турушат.

«Өткөн айда 50 баштык азык-түлүктү Баласаруу, Чеч – Дөбө, Сөгөт, Кара – Арча, Пакровка айылдарына таратсак,  бул жолку жардамды Пакровка, Жийде, Ак – Таш, Таш – Башат, Кызыл – Жылдыз жана Үч – Коргон айылдарына таратып бердик.  Жардамдын жалпы баасы  72 000 сомду түздү»,-деди Миржалал ажы Дадабаев.